super.kg logo

Камчыбек Ташиев: "Бир кримтөбөл башын көтөрө турган болсо, башын кыя чабабыз" (видео)

 
Өлкөнүн мыйзам талаптарына баш ийбеген уюшкан кылмыштуу топтор мындан ары да катуу жазаланат. Бул тууралуу бүгүн, 5-октябрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин жетекчиси Камчыбек Ташиев УКМКнын Токмок шаардык бөлүмүнүн имаратынын расмий ачылышында билдирди.
"Мен УКМКнын башчысы катары бир нече жолу мыйзамды бузгандардын баары мыйзам алдында жазаланат деп эскертип айткам. Биздин кызматкерлер уюшкан кылмыштуу топтун башчысын кармоо үчүн атайын операция жүргүзүп жаткан учурда алар ок чыгарышты. Ошол себептен ар кандай маселелер менен кармалып жүргөн мыйзамдагы ууру жок кылынды. Мен айтып коюшум керек мындан ары да ушундай болот.
Мен ушул жерде расмий түрдө кечээки кримтөбөлдүн тегерегиндеги ар бир адамга айтып коёюн. Эгерде кимдир бирөө кайсыл бир маселе боюнча мыйзамды бузуу аракетин жасаса, мыйзам чегинде жазасын алат. Жазасын алганда дагы өтө катуу жазаланат. Бир кримтөбөл башын көтөрө турган болсо, биз башын кыя чабабыз. Ачык эле айтып коёюн. Өлкөдө президент Садыр Нургожоевичтин жана мамлекеттин мыйзамдуулукту орнотуп, мыйзам менен жашоого саясий эрки жетет. Муну аткарабыз", - деди ал өз сөзүндө.





Камчыбек Ташиев

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: