super.kg logo

Элчи Айбек Артыкбаев Монголиянын Тышкы иштер министри менен жолугушту  

 

Бүгүн, 5-октябрда Кыргызстандын Монголиядагы элчиси Айбек Артыкбаев Монголиянын тышкы иштер министри Батцэцэг Батмунхийн менен жолугушту.

Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, жолугушууда тараптар өлкө башчы Садыр Жапаровдун Монголияга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу, Монголиянын премьер-министри Лувсаннамсрайин Оюун-Эрдэнэнин Бишкек шаарында өтө турган ШКУга мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылар кеңешинин 22- отурумуна катышуусун уюштуруу маселелерин талкуулашты.

Артыкбаев кыргыз тарап жогорку деңгээлдеги өз ара парламенттер аралык жана өкмөттөр аралык сапарларды иштеп чыгууга, ошондой эле соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык кызматташуу боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын кезектеги отурумун өткөрүүгө даяр экенин билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча тараптар өз ара кызыгууну жараткан маселелерди тез ара чечүү максатында дайыма байланышта болуу тууралуу макулдашышты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: