super.kg logo
  Саясат  

Эдил Байсалов БУУнун Өнүктүрүү программасынын өкүлү Александра Соловьева менен жолугушту

 

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Бириккен улуттар уюмунун Өнүктүрүү программасынын жаңы дайындалган туруктуу өкүлү Александра Соловьева менен жолугушту. Бул тууралуу бүгүн, 5-октябрда Министрлер кабинетинен билдиришти.

Маалыматка караганда, Эдил Байсалов Александра Соловьеваны жаңы кызматка дайындалышы менен куттуктап, Кыргызстандагы миссиясына ийгиликтерди каалады.

Ага ылайык, ал Кыргызстандагы БУУнун системасындагы уюмдарынын ичинен эң маанилүү эл аралык өнөктөш болуп саналарын жана учурда жалпы суммасы 59 миллион 786 миң долларга жакын 22 долбоорду ишке ашырып жаткан БУУнун Өнүктүрүү программасынын Бишкектеги кеңсеси менен кызматташуунун жогорку деңгээлин белгиледи.

"Эки тараптуу сүйлөшүүдө Кыргызстанды социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү, БУУнун Туруктуу өнүктүрүү максаттарына жетишүү, билим берүү, климаттын өзгөрүшү жана тоолуу аймактарды колдоо, жаратылышты коргоо, өзгөчө кырдаалдар, гендердик теңчилик, саламаттыкты сактоо жаатындагы кызматташуу маселелери талкууланды", - деп айтылат маалыматта.

Ал эми Александра Соловьева БУУнун Өнүктүрүү программасы өлкөнүн улуттук артыкчылыктарынын жана программаларынын негизинде Кыргызстанды өнүктүрүүгө жардам көрсөтүүнү улантууга даяр экенин билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: