super.kg logo
  Саясат  

Акылбек Жапаров “Титан” компаниялар тобунун директорлор кеңешинин төрагасын кабыл алды

 

Бүгүн, 5-октбярда министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Орусиянын “Титан” компаниялар тобунун директорлор кеңешинин төрагасы Михаил Сутягинскийди кабыл алды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынын билдиришти.

Маалымдалгандай, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар өнөр жай, агроөнөр жай жана мунай-химия тармактарындагы кызматташуунун келечегин талкуулашты.

Министрлер кабинетинин төрагасы “Кыргыз Республикасы туруктуу өнүгүүнүн жана мунай өнөр жайынын инфраструктурасын модернизациялоонун жолунда” деп белгиледи.

Өз кезегинде Михаил Сутягинский “Титан” компаниясы өлкөнүн мунай-химиялык комплексин өнүктүрүү менен алектенген Россиянын 600 ири компаниясынын рейтингине киргендигин, жылына 500 миң тоннадан ашуун продукция өндүрүп жатканын, ошондой эле эл аралык экологиялык жана социалдык долбоорлорду ишке ашыраарын билдирди.

Ал Кыргызстан инвесторлор үчүн чоң кызыгууну жаратып жатканын, өлкөнүн либералдык мыйзамдары бизнести эң ыңгайлуу шарттарда жүргүзүүгө мүмкүндүк берээрин белгилеп, компания эки тарапты кызыктырган бардык тармактарда кызматташууга даяр экенин кошумчалады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: