super.kg logo

Кызыл-Кыядагы мектептеги акча чогултуу боюнча билим берүү башкармалыгы жооп берди

 

Буга чейин тургун Баткен облусуна караштуу Кызыл-Кыя шаарынын №4 Александр Пушкин атындагы мектепте акча чогултуу токтобой жаткандагы тууралуу ЭЛДИК КАБАР бөлүмүнө кабарлаган.

Билдирүүгө жооп берип жатып Кызыл-Кыя шаарынын Билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Дамира Матосмонова акча чогултуу боюнча мугалимдин, мектептин директорунун да кабары жок экендигин айтты.

"Сиздер маалыматты жарыялаганда эле мен ошол мектепке барып, териштиргем. Ал жерде ата-энелер өздөрү эле акча чогултушкан экен. Мугалимдин да, мектеп директорунун да партага, пол жууганга акча чогултканы жөнүндө кабары жок болуп чыкты. Ошол акчаны чогулткан ата-энелерди чакырып, чоң териштирүү болду. Алар өз каалоолору менен чогултушканын айтышты. Мугалим, мектеп директору, акча чогулткан ата-энелер баары түшүнүк кат жазышты. Ошол замат чогулткан акчалары кайтарылып берилди. Негизи мен деле, мектеп директорлору деле акча чогултуулар болбосун деп эскертип эле келе жатабыз. Баарыбыз мыйзамга баш ийишибиз керек", - деди Матосмонова.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
06.10.2023. 02:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жаныңы жебе ,өлүп кетериңдеда мойнуңа алып өл...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: