super.kg logo
  Саясат  

Шакиевдин Беларуска сапары: Парламенттер аралык кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол коюлду

 

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Беларусь Республикасындагы расмий иш сапарынын алкагында аталган өлкөнүн Улуттук жыйынынын Республикалык кеңешинин төрайымы Наталья Кочанова жана Өкүлдөр палатасынын төрагасы Владимир Андрейченко менен жолугушту.

Парламенттин басма сөз кызматынан билдиргендей, алар алгач тар чөйрөдө баарлашып, андан соң кеңири курамда саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларды арттыруу, парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтүү маселелерин талкуулашты.

Нурланбек Шакиев Кыргызстан Беларусь менен достук мамилелерди чыңдоого кызыкдар экендигин белгиледи. Муну менен катар эки өлкөнүн соода жүгүртүүсүнүн көлөмү ортодогу мүмкүнчүлүккө толук жооп бербестигин белгилеген төрага Кыргызстан Беларусь мамлекетине айыл чарба продуктуларын экспорттоого кызыкдар экендигин кошумчалады. Андан тышкары, маданият жана билим берүү жаатында да жигердүү кызматташуу зарылчылыгына токтолду.

Өз кезегинде Наталья Кочанова өз ара ишенимге негизделген кызматташтыкты өнүктүрүп, мамлекеттер ортосунда жетишилген макулдашууларды ийгиликтүү ишке ашыруу зарылчылыгын белгиледи. Муну менен катар жарандар ортосунда тыгыз байланышты камсыздоо үчүн түз аба каттамдарын ачуу зарылчылыгына токтолуп, саламаттыкты сактоо жаатында да кызматташуу артыкчылыкка ээ экенин кошумчалады.

Ал эми Владимир Андрейченко эл аралык уюмдардын алкагындагы байланыштар тууралуу сөз кылып, Кыргызстанга электромобилдерди бажы төлөмдөрүсүз киргизүүгө байланыштуу Евразиялык экономикалык биримдик тарабынан бекитилген квотанын санын көбөйтүү демилгесин колдой тургандыктарын билдирди.

Мындан сырткары баарлашуу маалында айыл чарба жана тоо кен өнөр жайына керектүү техникаларды Кыргызстанга экспорттоо мүмкүнчүлүгү да көтөрүлдү.

Жолугушуунун соңунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен Беларусь Республикасынын Улуттук жыйынынын ортосунда парламенттер аралык кызматташуу жөнүндөгү макулдашууга кол коюлду. Ошондой эле Нурланбек Шакиев Наталья Кочанова жана Владимир Андрейченконун коштоосунда Беларусь парламентинин ишмердүүлүгү менен таанышып, Ардактуу коноктор китебине каалоо-тилегин жазып калтырды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: