super.kg logo
  Саясат  

Бейшеналиев: "Жакында аймактарда 35 мамлекеттик дарыкана ачылат"

 

Дарыгерлер бейтаптарды өздөрүнүн тааныштарынын дарыканаларына жөнөтөт. Мындай пикирди бүгүн, 6-октябрда парламентте депутат Надира Нарматова билдирди.

Эл өкүлү саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге бул багытта дарыгерлерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керектигин айтты.

"Дарыгерлер бейтаптарды тааныш дарыканаларга жиберет, дарыны ушул жерге барып ал деп. Ошондой көрүнүштөн арылышыбыз керек. Бейтаптын жаны көзүнө көрүнүп атса каякты айтса ошол жакка барып ала берет да, дары издеп жүрмөк беле. Экинчиден мамлекеттик дарыканалардын ачылуу алдында турганын көпчүлүк эл билбейт. Ошондуктан бейтаптарга дарыны мамлекеттик дарыканалардан алгыла деп сунуш берүүнү дарыгерлерге тапшырышыңыз керек", - деди Нарматова.

Министр Алымкадыр Бейшеналиев мамлекеттик дарыканалар ачылып жатканын, дары-дармектердин баасы арзандай турганын билдирди.

"Биз аймактарды кыдырып, 35 мамлекеттик дарыкана ачууну максат кылып койдук. Алардын имараттары эки айдын ичинде даяр болот, биздин адистер иштеп жатат. Мен өзүм дарыгермин, дарыгерлер эмне үчүн мындай кадамдарга барарын билем. Айлыгы аз. Эгерде Жогорку Кеңеш демилгелерди колдосо, дарыгерлердин айлыгы көтөрүлөт", - деди ал.

Белгилей кетсек, бүгүн Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитети мамлекеттик органдардын жана ведомстволордун, фармацевттик ассоциациялардын, жарандык коомдун, өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрүнүн жана эксперттердин катышуусу менен "Медициналык буюмдарды жүгүртүү жөнүндө" жана "Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө" мыйзам долбоорлорун талкуулоо боюнча парламенттик угуу өткөрүүдө.






Жогорку Кеңеш 06.10.23.

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: