super.kg logo

Сириядагы аскердик окуу жайга дрон менен чабуул жасалып, 100дөй адам каза тапты

 

Сириянын батышында жайгашкан Хомс шаарындагы аскердик окуу жайга дрон менен чабуул жасалып, 100дөн ашык жаран каза таап, 240 адам жаракат алды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн SANA агенттиги жазып чыкты.

Адам укуктары боюнча Сирия обсерваториясы (SOHR) каза болгондордун арасында карапайым тургундар, анын ичинде аялдар менен балдар бар экенин билдирди.

Маалым болгондой, кол салуу аскер кызматкерлери жана алардын жакындары катышкан бүтүрүү аземи учурунда болгон. Иш-чарага Сириянын коргоо министри Али Махмуд Аббас дагы катышкан. Бирок ал чабуулга чейин бир нече мүнөт мурун кетип калган.

Сириянын Коргоо министрлиги кол салууга “белгилүү эл аралык тараптар колдогон террордук топторду” айыптады. Азырынча болгон окуя үчүн жоопкерчиликти эч ким өзүнө ала элек.

Reuters басылмасынын маалыматына караганда, окуу жайга кол салуудан мурун Сириянын өкмөттүк күчтөрү Идлиб провинциясында оппозиция көзөмөлдөгөн аймакка чабуул коюшкан.

Сириянын Тышкы иштер министрлиги БУУ менен уюмдун Коопсуздук кеңешин кол салууну айыптоого чакырды. Учурда каза тапкандар үчүн өлкөдө үч күндүк аза күтүү жарыяланды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: