Эртең өлкөнүн көпчүлүк аймагында жамгыр жаайт
Эртең, 7-октябрда Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирет.
Абанын температурасы:
Чүй аймагында түнкүсүн +7…+12, күндүз +15…+20 даража,
Талас жергесинде үнкүсүн +3…+8, күндүз +14…+19 градус,
Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн +9…+14, күндүз +20…+25ке чейин жылыйт.
Ысык-Көл өрөөнүндө түнкүсүн +3…+8, күндүз +12…+17 болсо,
Нарын облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +12…+17 даража жылуу болот.
Борбор калаа Бишкекте мезгил-мезгили менен жаан жаашы мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн +9…+11, күндүз +16…+18 градус болот.
