super.kg logo

Өлкөдө кызамык жана кызылчага каршы эмдөө уланууда 

 

Өлкөдө кызамык жана кызылчага каршы 440 миң 343 бала эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу бүгүн, 6-октябрда Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, өлкөдө 18-сентябрдан 29-сентябрга чейин өткөрүлгөн кызамыкка жана кызылчага каршы кошумча иммунизациялоо боюнча кампаниянын алкагында 440 миң 343 бала эмдөөдөн өтүштү. Алар максаттуу топтун 76 пайызын түзөт. Эмдөө статусуна же буга чейин кызамык жана кызылча оорусу менен ооруганына карабастан 9 айдан 7 жашка чейинки курактагы балдар эмделди.

"Эмдөө уланууда. Эмдөөнү ҮМБ/ҮДТ/ФАПтардан жана мектептердеги жана мектепке чейинки билим берүү мекемелериндеги убактылуу эмдөө пункттарынан акысыз алууга болот.

Вакцина 28 күндөн аз убакыт мурун КПК иммунизациясын алган балдарга гана көрсөтүлгөн эмес", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: