super.kg logo

Кийинки жумада борбор калаа менен Чүйдө айрым көчөлөр убактылуу жабылат. Тизме

 

13-октябрда Бишкек шаарында Көз карандысыз мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйыны өткөндүгүнө байланыштуу 12-13-октябрь күндөрү Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын айрым көчөлөрүнө маал-маалы менен чектөөлөр киргизилип турат. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Төмөнкү көчөлөргө чектөөлөр киргизилет:

- Манас эл аралык аэропорт жолунан Бишкек шаарынын чегине чейин;
- Фучик көчөсүнөн Бишкек шаарынын чегинен тартып, Чүй проспектисине чейин;
- Чүй проспектисинен Фучик көчөсүнөн тартып, чыгышты карай Манас проспектисине чейин;
- Манас жана Ч.Айтматов көчөлөрү менен түштүктү карай, “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясына чейинки бөлүгү;
- “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясынан тартып, “Ата-Бейит” мемориалдык комплексине чейин;
- Бишкек шаарынан чыгып, Бишкек-Нарын-Торугарт айланма жолу (объездная дорога) аркылуу Кант шаарына чейин.

"Бул мамлекеттик маанидеги иш-чара учурунда, жогоруда көрсөтүлгөн жол жээктерине унаа каражаттарын калтырбооңуздарды, оор жүк ташуучу унаалар зарылчылык болбосо жолго чыкпай турууну жана жалпы айдоочулардан жол кыймылынын жөнгө салып турган кызматкерлердин талаптарына баш ийип, жол эрежелерин так сактоого чакырабыз", -деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле мекеме кырдаалга жараша башка жолдор жабыла турган болсо, кошумча маалымат бериле турганын билдирди.







 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: