super.kg logo

Быйыл "Нобель" тынчтык сыйлыгы учурда абакта жаткан ирандык укук коргоочуга ыйгарылды

 

Бүгүн, 6-октябрда быйылкы жылдын "Нобель" тынчтык сыйлыгы ирандык укук коргоочуга ыйгарылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Сыйлык Наргес Мохаммадиге “Ирандагы аялдардын кысымына каршы күрөшү жана бардыгына эркиндикти өнүктүрүү максатында күрөшкөндүгү үчүн" берилди.

Дегени менен Мохаммади учурда түрмөдө. Ал 31 жылга эркинен ажыратылып, 154 камчы менен урууга кесилген.

Наргес Мохаммади Ирандын адам укуктарын коргоочулар борборунун вице-президенти жана өлүм жазасын жоюу боюнча иш алып баргандардын бири катары белгилүү.

Быйылкы "Нобель" сыйлыгына 11 миллион швед крону же 1 миллион доллар акчалай сыйлык, диплом жана алтын медаль кирет.

Буга чейин аталган сыйлык адабият боюнча норвегиялык драматург Жун Фоссеге ыйгарылса, химия боюнча "кванттык чекиттерди ачкандыгы жана синтез үчүн" америкалык окумуштуулар Мунги Бавенди менен Луи Брюске жана орусиялык Алексей Екимовго ыйгарылды.

Ал эми физика тармагы боюнча Пьер Агостини, Ференц Краус жана Энн Л-Хуиллиер ээ болушса, 2-октябрда медицина жана физиология боюнча аталган сыйлык Каталин Карико менен Дрю Вайссманга "COVID-19га каршы эффективдүү mRNA вакциналарын иштеп чыгууга мүмкүнчүлүк берген нуклеозиддик базанын модификацияларына байланыштуу ачылыштары үчүн" берилди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: