Бишкекте тротуарларды төшөөгө тоскоол болгон объектилер демонтаждалды
Бишкек мэринин тапшырмасы менен тротуарларды курууга тоскоол болгон объектилерди масштабдуу түрдө демонтаждоо иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 6-октябрда Бишкек мэриясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Октябрь районунун аймагында Матросов жана Самачин көчөлөрүнүн боюнда болжол менен 6 жеңил объект демонтаждалган. Мындан тышкары дагы 5 объектти демонтаждоо пландалууда.
Белгилей кетсек, буга чейин чарба жүргүзүүчү субъекттердин ээлерине өз ыктыяры менен демонтаждоо жөнүндө эскертүүлөр берилген, бирок берилген эскертүүлөр боюнча 2 объект өз ыктыяры менен демонтаждалган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:08
2025-11-26
20:26
2025-11-25
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















