super.kg logo
  Саясат  

Караколдо Москва мамлекеттик университетинин филиалы ачылат

 

Караколдо Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин филиалы ачылат. Бул тууралуу бүгүн, 6-октябрда президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, тиешелүү буйрукка президент Садыр Жапаров кол койгон.

Билдирүүдө токтом жогорку билими бар квалификациялуу кадрларды даярдоону андан ары өнүктүрүү, өркүндөтүү жана Кыргызстан менен Орусиянын ортосунда жогорку билим берүү жаатындагы кызматташтыкты кеңейтүү максатында кабыл алынганы жазылган.

Ошондой эле университеттин филиалынын иши эки өлкөнүн мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөрү, ал эми окуу жайга абитуриенттерди кабыл алуу жана бүтүрүүчүлөрдү мамлекеттик жыйынтыктоочу аттестациялоосу Москва мамлекеттик университети тарабынан белгиленген тартипте жүргүзүлө турганы айтылган.

Мындан сырткары аталган окуу жайдын филиалына мамлекеттик билим берүү грантынын эсебинен жыл сайын 60 орун бөлүү каралып, 2024–2025-окуу жылынан баштап Москва мамлекеттик университетинин филиалы өлкөнүн республикалык бюджетинин эсебинен каржылана турганы маалымдалган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: