Жети-Өгүздө ири өрт чыгып, толугу менен өчүрүлдү (видео)
Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылында ири өрт чыгып, толугу менен өчүрүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 6-октябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалым болгондой, бүгүн, 6-октябрда Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылындагы ири өрттү өчүрүүдө 5 бөлүм иштеп, саат 12:00 чамасында толугу менен өчүрүлдү.
"2 соода түйүнү, ашкана жана эмерек жасоочу жайы күйүп, болжол менен тилсиз жоо 2000 чарчы метр аянтты кучагына алган.
Бактыга жараша, тилсиз жоодон жабыркагандар жок. Учурда өрт кырсыгынын келип чыгуу себептери такталууда", - деп айтылат маалыматта.
Жети-Өгүздө ири өрт чыгып, толугу менен өчүрүлдү
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:00
2025-07-02

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.