Борбор калаада КМШ өлкөлөрүнүн саммити өтүп жаткан учурда электр самокаттарын ижарага алууга убактылуу чектөөлөр киргизилет. Бул тууралуу бүгүн, 6-октябрда Бишкек мэриясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бул чектөөнү Биринчи Май районунун акиминин милдетин убактылуу аткаруучу Райым Жолдошов, №12 МАБдын өкүлдөрү жана электр самокаттарын ижарага берген “Аренда сервис”, “Togo.kg”, “Aбрикос”, “e-motion”, “ Промо экспресс”, "Sunrent" компанияларынын ээлери менен талкуулашты.
"12-октябрда делегация жүрүүчү маршрут боюнча таң эртеден баштап саат 00:00гө чейин чектөөлөр киргизилип, транспорттун бул түрүн колдонуучулар арасында бул билдирүүнү жайылтуу чечими кабыл алынды.
Урматтуу шаардыктар! Саммит алдында маршрутуңузду пландаштырыңыз же башка транспортту колдонуңуз.
Райондук администрация тарабынан көрүлүп жаткан чараларга түшүнүү менен мамиле кылууңуздарды суранабыз", - деп айтылат маалыматта.
Бишкекте 12-октябрда электро самокаттарында жүрүүгө тыюу салынат
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:37
2025-06-30
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.