Бишкекте милиция кызматкерлери дем алыш күндөрү көңүл ачуучу жайларда нөөмөттө турушат
Бишкекте милиция кызматкерлери дем алыш күндөрү айрым көңүл ачуучу жайларда күнү-түнү нөөмөттө турушат. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, алар коомдук тартипти камсыз кылуу үчүн эс алуучулар эң көп топтолгон "Чердак", "Мюнхен" жана "Асанбай Центр" көңүл ачуучу жайларында күнү-түнү нөөмөттө турушат.
Алардын негизги максаты - кылмыштуулуктун жана укук бузуулардын алдын алуу жана бөгөт коюу болуп саналат.
"Урматтуу жарандар, эгерде сиздер кол салуучулардын кылмыштуу аракеттеринен жапа чеккен болсоңуздар же мыйзамсыз аракеттердин күбөсү болуп калсаңыздар, дароо жакынкы милиция кызматкерине кабарлаңыз же 24 саат бою байланышта болгон 102 кыска номуруна чалыңыз", - деп маалымдашты мекемеден.



