super.kg logo

Дагы бир кримтөбөл "мыйзамдагы ууру" статусунан баш тартты (видео)

 

"Женго" каймана аты менен таанылган кримтөбөл Кадырбек Досонов дагы "мыйзамдагы ууру" статусунан баш тартып жатканын жарыялады. Анын видео кайрылуусу социалдык тармактарга жарыяланды.

Ал белгилегендей, учурда анын эч кандай статусу жок.

"Мен Досонов Кадырбек 53 жаштамын. Кыргызстанда жашайм жана мыйзамдарга баш ийем. Мыйзамга каршы аракеттер үчүн мыйзам алдында жооп бердим. Азыр менин эч кандай кылмыш статусум жок. Кыргызстанда тынчтык, бейпилдик болсун”,-деди Кадырбек Досонов.

Белгилей кетсек, "Женго" акыркы жолу ушул жылдын 25-сентябрында Кызыл-Кыяда кармалган. Андан соң анын унаасынан курал-жарак жана баңгизат табышкан. Ал Баткен РИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Кадырбек Досонов буга чейин да Ошто уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүн өлтүргөн деп шектелген. Бирок ал күнөөсүн толук мойнуна алган эмес.

Эске салсак, кечээ, 5-октябрда Сакал каймана аты бар Улан Токтосуновдун дагы "мыйзамдагы ууру" статусунан баш тарткан видеосу социалдык тармактарда тараган.






Дагы бир кримтөбөл "закондогу ууру" статусунан баш тартты

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
06.10.2023. 23:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кандай гана жакшы баары боорукер адамга айланганы.
07.10.2023. 08:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уголовниктердин олгонуно эч кайгырбагыла. Буга окшогон арамдар коптогон жаштарды кылмышка угуттоп журушкон.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: