super.kg logo

Садыр Жапаров Жарандык авиация кызматкерлерин куттуктады

 

Президент Садыр Жапаров өлкөнүн Жарандык авиация кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу бүгүн, 7-октябрда, президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Мамлекет башчысы өз куттуктоосунда бүгүнкү күндө мамлекет авиация комплексинин инфратүзүмүн жолго салууга, аймактар аралык транспорттук байланыштарды чыңдоого, жаңы, келечектүү авиамаршруттарды ачууга өзгөчө көңүл буруп жаткандыгын белгиледи.

"Урматтуу кыргыз авиация тармагынын кызматкерлери!

Бул тармактын ардактуу ардагерлери!

Кыргызстандын жарандык авиациясынын тарыхы 1933-жылы Кыргыз АССРинин Эл Комиссарлар Советинин токтому кабыл алынгандан тартып башталат. Мына ошол дээрлик бир кылымдын ичинде жарандык авиациябыз жүргүнчүлөр менен жүктөрдү ташууда коопсуз, ыкчам жеткирүүнүн негизги булагына айланды.

Эң алды сиздерди кесиптик майрамыңыздар жана жарандык авиациянын 90 жылдык мааракеси менен чын дилимден куттуктаймын!

Өлкөбүздө 1994-жылдан тартып 7-октябрь – Жарандык авиация күнү деп белгиленип келет.

Бүгүнкү күндө дүйнө тез өзгөрүп, ааламдашуу ыкчамдап жаткан мезгилде Кыргызстан үчүн аба транспорту стратегиялык мааниге ээ. Ошондуктан жарандык авиация тармагын өнүктүрүү мамлекеттик саясаттын башкы артыкчылыктарынын бири бойдон калат.

Мамлекет авиация комплексинин инфратүзүмүн жолго салууга, аймактар аралык транспорттук байланыштарды чыңдоого, жаңы, келечектүү авиамаршруттарды ачууга өзгөчө көңүл бурууда.

Өзүңүздөр көрүп жаткандай, өлкө аймагында аэропортторду куруу жана реконструкциялоо темпи жогорулап, алдыңкы технологиялар киргизилип, кызматтар чөйрөсү кеңейүүдө. Жарандык авиациянын кызматкерлеринин компетенттүүлүгүнө, тажрыйбасына, билимине дагы маани берилүүдө.

Азыркы учурда өлкөбүздүн авиация тармагын өнүктүрүүдө масштабдуу максаттарга жетүү үчүн бул тармактын кесипкөй кызматкерлеринин мол тажрыйбасына таянабыз. Ошону менен бирге мамлекеттик олуттуу колдоо чоң күч-дем болуп бермекчи.

Бүгүнкү күндөгү кесипкөй муун кыргыз авиациясын мындан да жогорку деңгээлге көтөрөт деп ишенем.

Урматтуу кыргыз авиация тармагынын кызматкерлери жана кадырлуу ардагерлери, мааракелик майрамыңыздар кут болсун. Аба транспортунун коопсуздугун, авиаташуу кызматынын жогорку деңгээлин камсыз кылып, өлкөнүн социалдык-экономикалык турмушуна кошуп келаткан салымыңыздар үчүн терең ыраазычылык билдирем. Сиздерге ар дайым шыктанууну, жаратмандыкты, жана өз кесибиңиздер менен сыймыктанууну каалайм.

Ишиңиздерди албан-албан ийгиликтер коштосун! Ата Мекендик авиацияны өнүктүрөбүз деген аруу тилегиңиздер ишке ашсын!

Кыргыз авиациясы өнүгүп-өсө берсин!

Ар дайым асманыбыз ачык болсун!", - деди өлкө башчысы өз куттуктоосунда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: