"50 сомдон жол кире алышкан". Жүргүнчүлөрдү ташыган айдоочуларга протокол түзүлдү




Бишкектеги "Дордой" базарынын аймагында жүргүнчүлөрдү ташыган айдоочулардын жаңы эреже бузуулары аныкталды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Транспорт департаментинин кызматкерлери МККБ менен биргеликте 4-октябрда эртең мененки саат 07:00дөн 10:00гө чейин каттамга мыйзамсыз кирүүгө жана жол кире акысын уруксатсыз жогорулатууга жол бербөө максатында коомдук транспорттордо мониторинг жүргүзүштү.
Ага ылайык, айдоочулар күн сайын каттамга керектүү уруксат кагаздары жок, каттам тууралуу трафаретсиз чыгып, "Дордой" базарына жүргүнчүлөрдү ташып, 50 сомдон тариф коюп жүргөн 4 кичи автобус аныкталды.
"Жыйынтыгында МККБ тарабынан тиешелүү чаралар көрүлүп, протоколдор түзүлүп, аталган айдоочулар менен иш алып барылып, аларга уруксат кагаздары, график жана бекитилген жол кыймылынын чиймелери жок каттамга кирүүгө катуу тыюу салынгандыгы түшүндүрүлдү", - деп айтылат маалыматта.
Мындай текшерүүлөр коомдук транспорттун үзгүлтүксүз жана коопсуз иштешин камсыз кылуу максатында дайыма жүргүзүлүп турары айтылды.
