Бишкек-Торугарт-Нарын-Кытайдын чек арасы эл аралык жолунда көчмө отурум өткөрүлдү




Бишкек-Балыкчы-Нарын-Торугарт-Кытайдын чек арасы эл аралык жолунда көчмө отурум өткөрүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 7-октябрда Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо, оор кесепеттер менен коштолгон жол-транспорт кырсыктарын алдын алуу максатында ИИМдин ЖКККББнын демилгеси менен "Бишкек-Балыкчы-Нарын-Торугарт-Кытайдын чек арасы" эл аралык маанидеги автомобиль жолунун 128,800-чакырымындагы жол тилкесине ("Дорожный айылы - Чолок – Боом" мамлекеттик маанидеги автомобиль жолу менен бириккен жери) комиссиялык көчмө отурум уюштурулду.
"Комиссиянын курамына кирген Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин, Чүй облустук, Кемин райондук мамлкекеттик администрациясынын, Кемин райондук прокуратурасынын жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын өкүлдөрү менен биргеликте аталган жол тилкесиндеги транспорт каражатарынын жол кыймылына өзгөртүү киргизүү сунушталды", - деп айтылат маалыматта.
Көчмө отурумдун жыйынтыгында Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин өкүлдөрүнө кечиктирилгис иш-чараларды жүргүзүү жана уюштуруу керектиги белгиленди.



