Азия оюндарынын коло медалдын ээси Сардана Трофимова Кыргызстанга келди

Маалыматка караганда, спортчуну Дене тарбия жана спорт департаментинин директорунун орун басары Самат Токтоналиев, Жеңил атлетика федерациясынын өкүлдөрү тосуп алышты.
Эскерте кетсек, Кытайда өтүп жаткан Азия оюндарында Сардана Трофимова марафондо 2 саат 28 мүнөт 39 секундада келген. Биринчи орунду Бахрейн спортчусу багынтса, экинчини кытайлык спортчу алган. Сардана Трофимова марафон боюнча Орусиянын беш жолку чемпиону.
Спортчу Кыргызстандын жарандыгын былтыр июлда алган. Буга чейин ал мелдештерге ЕАЭБ өлкөлөрүнүн биринин атынан чыкчу.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.