Жыл башынан бери Кыргызстандагы банктар канча киреше тапканы айтылды
Кыргызстандагы банктар ушул жылдын сегиз ай аралыгында 16 миллиард 330,9 миллион сом таза киреше табышты. Бул тууралуу Улуттук банктын маалыматында көрсөтүлгөн.
Маалыматка ылайык, өткөн жылдын бул мезгил аралыгында көрсөткүч 13 миллиард 937,6 миллион сомду түзгөн.
Ошондой эле майдын аягына карата өлкөдө коммерциялык 23 банк ишмердүүлүгүн жүргүзүп жатканы белгилүү болгон. Алардын филиалдары 300дөн ашат.
"Буга чейин Банктар биримдиги өткөн жылы таза кирешенин көлөмү рекорддук көрсөткүчкө – 23,7 миллиард сомго (2021-жылдагыдан беш эсе көп) жеткенин билдирген. Улуттук банкта 2022-жылдагы киреше бир аз башка суммада – 23,1 миллиард деп көрсөтүлгөн. Бул эсептөө системасынын түрдүүлүгүнөн улам болушу мүмкүн", - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, 2022-жылы банктардын таза кирешеси март айынан баштап өскөн (айына 1 миллиард сомдон көп).

