super.kg logo
  Саясат  

Садыр Жапаров Владимир Путинди туулган күнү менен куттуктады

 

Президент Садыр Жапаров Орусиянын президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу бүгүн, 7-октябрда президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Садыр Жапаров Владимир Путинди туулган күнү менен жылуу куттуктап, ага чың ден соолук, бакыт-таалай жана жооптуу мамлекеттик ишинде мындан аркы зор ийгиликтерди каалады.

Ошондой эле Садыр Жапаров Кыргызстан Владимир Путиндин тарыхый достуктун, өз ара колдоонун жана ишенимдин бекем салттарына негизделген кыргыз-орус стратегиялык өнөктөштүгүн жана союздаштыгын чыңдоого кошкон жеке салымын жогору баалаарын баса белгиледи.

"Өлкө лидерлери эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу багыттарын, ошондой эле Владимир Путиндин Кыргызстанга боло турган расмий сапарын жана анын Бишкек шаарында өтө турган КМШ мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйынына катышуусун талкуулашты", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: