super.kg logo

ТИМ: "Израилде жабыркагандар арасында кыргызстандыктар жок"

 

Израилде каза болгондордун жана жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок. Бул тууралуу маалыматты Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, Израиль мамлекети менен палестиналык ХАМАС кыймылынын ортосундагы чыр-чатактын күчөшүнө жана Израилдин аймагындагы аскердик кагылышууларга байланыштуу Кыргызстандын Израилдеги элчилиги (резиденция Анкарада) жабыркагандардын арасында Кыргыз жарандары жок экендигин билдирет.

"Ошол эле учурда Израилде жашаган Кыргыз жарандарына Израилдин чек ара аймактарындагы аскерий кагылышуу болгон аймактарга баруудан баш тартуу сунушталат.

Элчилик Израил тарап менен байланышта жана Кыргызстандын жарандарынын Израилде коопсуз болушуна байланыштуу кырдаалга мониторинг жүргүзүүнү улантууда. Ошондой эле Элчилик Израилде жашаган Кыргыз жарандары менен байланышта", - деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары Элчилик зарыл болгон учурда кыргызстандыктар +90 54-56-89-68-00 телефон номерлерине байланышка чыкса болорун маалымдады.

Эске салсак, кечээ, 7-октябрда Газа тилкесинен Израилди көздөй ммиңдеген ракеталар атылган. Тель-Авив баш болгон өлкөнүн түштүгүнө жана борборуна сокку урулган. Каза болгондор жана жарадар болгондор бар экендиги кабарланган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: