super.kg logo

Бишкекте "Жылдын мыкты мугалими" кароо-сынагы болуп өттү

 

Бишкекте 2022-2023-окуу жылындагы “Мыкты мугалим”, “Мыкты тарбиячы”, “Мектептен тышкаркы кошумча билим берүүнүн мыкты мугалими” наамдары боюнча республикалык этабынын жыйынтыгы чыгарылды. Бул тууралуу бүгүн, 8-октябрда Бишкек мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, республикалык "Жылдын мыкты тарбиячысы" кароо-сынагында 1-орунду Биринчи Май районунун №11 "Ак-кеме" мектепке чейинки билим берүү мекемесинин мугалими Таттыбүбү Мамбеткулова ээледи.

Ошондой эле Таттыбүбү Мамбеткулова "Жүрөгүмдү балдарга арнайм" кароо-сынагында «Мыкты мугалим» номинациясында 1-орунга ээ болду.

"Сынакта даярдоо тобунун балдарына "Алтын күзгө саякат" деген темада балдардын айлана-чөйрө жөнүндөгү билимин кеңейтүүгө, жаратылыш кубулуштарын аныктоого, элестетүүсүнө, байкоосуна, өз пикирин эркин билдирүүсүнө, сөз байлыгын өнүктүрүү, кыйын учурда башкаларга жардам берүү, жаратылыш ресурстарын сактоо жана аларга аяр мамиле кылууга багытталган комплекстүү сабак өтүлдү", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: