super.kg logo

Гонконг "Коину" тайфуну жакындап калгандыгына байланыштуу катуу эскертүү берди

 

Гонконгдун метеорологиялык обсерваториясы жекшемби күнү "Коину" тайфуну жакындаганын эскертти. Буга байланыштуу шаардагы каттамдар жана мектептерде сабактар убактылуу токтотулду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Обсерватория жекшемби күнү жергиликтүү убакыт боюнча 12:40 чамасында 10 баллдык шкала боюнча сегизинчи эскертүү деңгээлин киргизди.

Обсерваториянын маалыматы боюнча, шаардын түндүк-чыгыш тарабында орточо ылдамдыгы саатына 63 чакырым же андан көп болгон шамал күтүлөт. Саат 14:00гө карата тайфундун борбору Гонконгдон 90 чакырым алыстыкта ​​жайгашканы айтылат.

Гонконгдун билим берүү бюросу сегизинчи деңгээл сигналын киргизүүгө байланыштуу мектептерде сабактарды токтотту.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
08.10.2023. 22:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул бардык Виаградан жакшыраак. Мен баарына өмүрүндө жок дегенде бир жолу сынап көрүүнү сунуштайм - бул сиздин жыныстык жашооңузду бир топ жакшыртат, өзүңүз окуңуз ----->> https://mub.me/etrax
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: