"Бишкек троллейбус башкармалыгында" айдоочулар менен жолугушуу өттү






"Бишкек троллейбус башкармалыгында" айдоочулар менен жолугушуу өттү. Бул тууралуу бүгүн, 8-октябрда Бишкек мэриясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, "Бишкек троллейбус башкармалыгы" Бишкек ШИИББы боюнча МККБнын ТКБнүн кызматкерлери жана "Дордой" ЖАК камсыздандыруу компаниясынын өкүлдөрү менен биргеликте айдоочуларга жыйын өткөрдү.
"Жыйында МККБнын кызматкерлери тарабынан троллейбус айдоочуларынын катышуусундагы жол кырсыктарын алдын алуу жана жол эрежесин сактоо максатында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Ал эми " Дордой" камсыздандыруу компаниясынын өкүлдөрү тарабынан айдоочуларга кырсык болгон учурда күтүлбөгөн чыгымдардан камсыздандыруу тууралуу маалымат берилди", - деп айтылат маалыматта.
Мындан тышкары "Бишкек троллейбус башкармалыгынын" директору Талант Капаров ишкананын 9 айдагы ишмердүүлүгү боюнча отчёт берип, алдыдагы пландар жана милдеттер боюнча жамаат менен биргеликте маселелерди талкуулады.
