super.kg logo

Нарында тоют аздыгын жоюу үчүн Орусиядан арпа ташылууда

 

Нарын аймагында кургакчылыктан улам тоют аз жыйналганына байланыштуу Орусиядан арпа алып келинүүдө. Бул тууралуу президенттин аталган облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, Нарын дубаны боюнча быйыл тоют чөптүн түшүмдүүлүгү орточо алганда 30 центнерди түзүп, 228 миң 796,4 тонна жыйналган. Ал былтыркыга салыштырмалуу 52 миң 683 тоннага аз.

Ошондой болсо да облус жетекчилиги тарабынан альтернативдүү тоют менен камсыздоо аракеттери көрүлүп, Орусиядан алып келинген арпа килограммы 21 сомдон сатыкка коюлду. Ат-Башы районуна 450 тонна, Ак-Талаа районуна 180 тонна, Нарын районуна 95 тонна сатылды. Учурда башка райондорго алып келүү боюнча иштер жүрүп жатат.

"Ал эми жергиликтүү кооперативдер тарабынан Нарын районунун Учкун айылында чыктуу тоют даярдалып, фермерлерге жеткиликтүү баада - килограммы 8-10 сомдон сатылууда. Бүгүнкүгө чейин дыйкан-фермерлер 350 тонна чыктуу тоют менен камсыз болду. Ал эми сырттан келген чыктуу тоют 8-13 сомду түзөт", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: