УЕФА Израилдеги беттештер боюнча чечим кабыл алды
УЕФА уюму алдыдагы апта ичинде Израилде өтө турган бардык оюндарды кийинкиге жылдырды.
Кийинкиге калтырылган оюнга "Евро-2024" турнирине тандоо турунун алкагындагы Израиль менен Швейцария курама командаларынын беттеши кирет. Бул оюн 12-октябрда Израилде өтмөк.
УЕФА пресс-релизинде кырдаалды эске алуу менен Израиль курама командасынын 15-октябрда конокто боло турган Косового каршы оюну дагы жылдырылышы мүмкүн экенин эскертти. Бул маселе боюнча чечим жакын арада кабыл алынат.
Израиль курама командасы азыр "Евро-2024" турнирине тандоо оюндарында өз тайпасында үчүнчү орунда келе жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.