super.kg logo

"Люкс унаалар, зер буюмдар, 700дөн ашык батир". УКМК Камчы Көлбаевдин миллиард долларлык мүлкүн көрсөттү (видео)

 

УКМК тарабынан жок кылынган кримтөбөл Камчы Көлбаевдин 700дөн ашык батири мамлекетке өткөрүлөт. Бул тууралуу УКМК кабарлады.

Андагы маалыматка ылайык, Камчы Көлбаевдин 40тан ашык активдүү мүчөлөрү жана лидерлери кармалган.

"Көлбаев жетектеген уюшкан кылмыштуу топтун 2008-жылдан баштаган ишин талдоо көрсөткөндөй, ал системалуу түрдө жана максаттуу түрдө “кылмыштуу империяны” түзүп, негизги максаты өзүнүн жана анын жакындарынын мыйзамсыз түрдө баюусу болгон. К.Асанбектин криминалдык чөйрөдөгү позициясы күчөгөн сайын анын мыйзамсыз каржылык активдери да пропорционалдуу түрдө көбөйгөн, анын ичинде Кыргызстандагы жана чет өлкөлөрдөгү таза иштеген ишкерлердин, орто жана ири бизнестин өкүлдөрүнүн эсебинен көбөйгөн. Айрыкча К.Асанбектин криминалдык ишмердүүлүктөгү финансылык кызыкчылыктары көңүл бурууга арзыйт, анткени кылмыштуу уюмда так иерархияны орнотуудан тышкары, ошол эле учурда ага мыйзамдуу бизнестин аркасына жашынып, өзүнө караштуу көптөгөн ийгиликтүү бизнес структураларды түзүүгө мүмкүндүк берген", - деп билдирди УКМК.

Ошондой эле УКМК Камчы Көлбаев жана анын жан-жөкөрлөрү өздөрүнүн кылмыштуу мүлкүн коргоо үчүн коопсуздук агенттиктер деп ачып, заманбап ок атуучу куралдар жана техникалар менен жабдылган куралдуу топторду түзүшкөнүн билдирди.

"Жүргүзүлүп жаткан иликтөө иштеринин алкагында алар толугу менен алынды. Кылмыштуу топтун башчысы К.Асанбектин, анын жакындарынын жана жан-жөкөрлөрүнүн мыйзамсыз мүлктөрүнө 850дөн ашык кыймылсыз мүлктөр, атап айтканда, кымбат өзгөчөлөнгөн үйлөр (особняк), коттедждер, элиталык клуб үйлөрү, курулуп жаткан имараттардагы көптөгөн батирлер, эс алуу борборлору, пансионаттар, ресторандар, жер тилкелери, ат сарайлар, аңчылык жерлер, 60тан ашык кымбат баалуу люкс үлгүсүндөгү унаалар, анын ичинде брондолгон унаалар, зер буюмдар жана башка мүлктөр бар. Тергөөнүн маалыматы боюнча, К.Асанбектин мүлкүнүн бир бөлүгү мамлекеттик менчиктен мыйзамсыз чыгарылган жана таза иштеген ишкерлерден тартып алынган. Аларды тиешелүү мамлекеттик органдарга жана жабыркаган адамдарга кайтаруу иштери жүргүзүлөт", - деп кошумчалашты атайын кызматтан.

Ошондой эле УКМК кылмыш жолу менен алынган мүлктөр мамлекеттик кирешеге айлантуу иши башталганын кошумчалады.

"Курулуп жаткан эки гана имаратта К.Асанбек 700дөн ашык батирге ээ болгон, алар мамлекетке өткөрүлөт. К.Асанбектин тобунун мыйзамсыз баюусунун дагы бир булагы болуп, жаза аткаруу системасынын мекемелеринде отурган адамдардан, алардын жакындарынан жана карапайым ишкерлерден “уурулардын казынасын” толтуруу шылтоосу менен системалуу түрдө акча талап кылуу болгон", - деп жазылат УКМКнын билдирүүсүндө.

Камчы Көлбаевдин мыйзамсыз жол менен алынган бардык мүлкүнүн алдын ала жалпы баасы 1 миллиард долларды түзөт, алар камакка алынды.
"Бул К.Асанбектин жана анын айланасындагылардын мыйзамсыз мүлктөрүн издөө иштеринин алгачкы жыйынтыктары гана, издөө иштери өлкө ичинде да, чет өлкөлөрдө да, тактап айтканда, анын бизнес кызыкчылыктары болгон Орусияда, Казакстанда, Грузияда, Түркияда, БАЭде (Дубай) жана Японияда да улантылат", - деп билдирди УКМК.
УКМК өлкөдө уюшкан кылмыштуулукка жана анын көрүнүштөрүнө каршы элдешкис күрөш ал толугу менен жок кылынмайынча улантылып, анын жыйынтыгы коомчулукка үзгүлтүксүз жеткирилип турарын белгилейт.
"Жаңы кылмыштуу топтор пайда боло турган болсо улуттук коопсуздук органдары аракеттеги мыйзамдардын чегинде алардын жетекчилерин жок кылууга чейинки катаал чараларды көрөт. Буга байланыштуу УКМК уюшкан кылмыштуу топтун лидерлеринин жана активдүү мүчөлөрүнүн мыйзамсыз аракеттеринен жапа чеккен бардык жарандарды жана бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрүн дагы бир жолу, тийиштүү чараларды көрүү үчүн, адилеттүүлүктү калыбына келтирүү жана жабырлануучуларга келтирилген зыянды кайтаруу үчүн УКМКга кайрылууга чакырат", - деп жыйынтыктады УКМК.





УКМК Камчы Көлбаевдин 1 миллиард долларлык байлыгын көрсөттү

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
09.10.2023. 13:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Бандит Көлбаевтин мүлкүн мамлекетке кайтаруу керек. Бети башына хиджаб чүмкөнгөн жесир аялы карандай калпты айтып жатат. Оронуп чүмкөнүп алып ыймандуу көрүнгүсү келген эки жүздүү аялы аман эле болсун. бандитттин чүмкөнгөн аялын кошо жок кылуу керек
09.10.2023. 14:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул жерде ашырып жиберген окшойт
10.10.2023. 00:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул бардык Виаградан жакшыраак. Мен баарына өмүрүндө жок дегенде бир жолу сынап көрүүнү сунуштайм - бул сиздин жыныстык жашооңузду бир топ жакшыртат, өзүңүз окуңуз ----->> https://mub.me/etrax
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: