Москвада 6-кабаттан кулаган кыргыз кызы Бишкекке алып келинди

Министрликтен кабарлашкандай, ал Бишкекке 9-октябрда "Аэрономад" авиакомпаниясы менен акысыз алып келинди.
Кыз 14-сентябрда көп кабаттуу үйдүн 6-кабатынан кулап, оор жаракат менен "Тез жардам" кызматы менен Демиховдун клиникалык ооруканасына жеткирилген. Кулап түшкөндүгүнүн себеби азырынча белгисиз.
"Болотбек кызы Мээрим 14-29-сентябрда биринчи кезектеги дарылануусун алып, шашылыш операция жасалды. Кийинки дарылоонун баасы 400 миң рублга жакын болору белгилүү болду. Анын милдеттүү медициналык полиси болбогондуктан жана эмгек келишимин түзбөгөндүктөн, социалдык төлөмдөр жүргүзүлгөн эмес.
Ошондуктан Мээримди үйүнө кайтуу маселеси чечилип жатканда "Умай Эне" кайрымдуулук борборуна жайгаштырышкан.
Министрлик аны Бишкек аэропортунан тез жардам бригадасы менен тосуп алып, 4-шаардык ооруканага жайгаштыруу маселесин чечти" деп жазылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:31
2025-06-30

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.