Кыргызстан жер титирөөгө байланыштуу Ооганстанга көңүл айтты
Кыргызстан көптөгөн курмандыктарга алып келген жер титирөөгө байланыштуу Ооганстанга көңүл айтты. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.
"Ооганстандын батышында олуттуу жоготууларга алып келген кыйратуучу жер титирөө тууралуу кабарды Кыргызстан терең кайгыруу менен кабыл алды.
Учурдагы оор мезгилде кыргыз тарап боордош ооган эли менен.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги каза болгондордун жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, табигый кырсыктан жапа чеккендердин тезирээк сакайып кетишин чын жүрөктөн тилейт", - деп билдирди Тышкы иштер министрлиги.
Белгилей кетсек, 7-октябрь күнү эртең менен Ооганстанда күчү 6,3 баллга жеткен силкинүү катталган. Жер титирөөнүн очогу Герат шаарынан 40 чакырым түндүк-батышты карай жайгашкан. Биринчи жер титирөөдөн кийин дагы 5,5 жана 5,9 баллдык эки жер титирөө болгон.
Акыркы маалыматтар боюнча, жер титирөөдөн каза болгондордун саны эки миңден ашты.
