Акыйкатчы Баткен облусунун тургундары менен жолугушту



Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева Баткен облусунун тургундары менен жолугушту. Бул тууралуу акыйкатчы институтунан билдиришти.
Ага ылайык, жолугушууга президенттин Баткен облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары, ошондой эле укук коргоо органдарынын облустук жана шаардык бөлүмдөрүнүн, прокуратура органдарынын жана башка тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилери катышты.
Анда тургундар социалдык тейлөө алуу укуктарынын бузулушуна мамлекеттик органдар тарабынан аракеттер көрүлбөй жатканына даттанышты.
Негизинен алар жер үлүштөрүн, балдарына жөлөк пул албай жатышканын жана башка көйгөйлөрү тууралуу арызданышты. Мындан тышкары Акыйкатчыга эмгек мигранттарынын жубайлары жана энелери кайрылышты. Алар балдарына мамлекеттен жөлөк пул каралбаганына, жолдоштору эмгек мигранты болгондуктан ушундай болуп жатканына нааразылыктарын айтышты.
Акыйкатчы мамлекеттик органдардын өкүлдөрүн аялдын укуктарын сактоону камсыз кылууга чакырды. Акыйкатчы институтунун кызматкерлери ага юридикалык кеп-кеңеш беришти.
"Мындан тышкары Тажикстандан Кыргызстанга качууга мажбур болушкан этникалык кыргыздар даттанышты. Алар көп убакыттан бери документтерин тапшырып, бирок Кыргыз жарандыгын ала албай жатышат, анткени Тажикстан расмий каналдары аркылуу алардын инсандыгын тастыктап бербей келет. Ошондой эле алар ээлик укуктары тууралуу бардык документтер болгонуна карабай Тажикстандагы өз үйлөрүн сата албай жатышканын айтышты.
Акыйкатчы жалпы таанылган принциптер жана эл аралык укуктарга, ошондой эле мандатына ылайык, Акыйкатчы институту этникалык кыргыздардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо боюнча бардык чараларды кабыл аларын белгиледи. Андан кийин Акыйкатчы Тажикстандын Ворух анклавынан анча алыс эмес жерде жайгашкан Баткен районундагы Ак-Сай жана Капчыгай айылдарына барды.
Аталган айылдар 2022-жылы Тажикстандын Кыргызстанга карата жасаган аскердик агрессиясынын учурунда абдан эле жабыркаган. Анын кесепетинен жергиликтүү тургундар каза таап, айылдын 80 пайызы өрттөн жабыркаган, жарандык инфраструктуранын объектилери талкаланган, мектептин имараты күйгөн.
Аталган айылдарга барган кезде жергиликтүү бийлик органдары жабырлануучуларга бериле турган үйлөр кандай курулуп жатканын көрсөтүп беришти, ошондой эле мамлекет тарабынан көрсөтүлүп жаткан көмөк тууралуу айтышты", - деп айтылат маалыматта.
Ак-Сай айылында Акыйкатчы мектептин мугалимдери менен жолугушту. Аталган айылдагы мектеп азырынча курулуп жатат, балдар үч имаратта: бала бакчада, ФАПта жана Маданият үйүнүн имаратында окууга аргасыз болуп жатканы айтылат.

