Өлкөгө кезектеги туристтик поезддер келди (фото)









Кечээ, 8-октябрда Кыргызстанга кезектеги туристтик поезддер келди. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынан билдиришти.
Кабарлангандай, Европа жана Америкадан келген туристтерди "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын кызматкерлери жана уюштуруучулар Бишкек-2 бекетинен тосуп алышты.
"Жалпысынан биринчи поезд менен 70ке жакын, ал эми экинчи турпоезд менен 65ке жакын туристт келишкен. Бул туристтик эс алуу маршрутун Lernidee Erlebnis Reisen GmbH жана Golden Eagle Luxury Trains туристтик компаниялары уюштурган", - деп айтылат билдирүүдө.
"Кыргыз темир жолу" туристтердин каалоосун эске алуу менен турпоезддерге ишкананын "Люкс" жана "Вип" вагондорун чиркеп, Балыкчы шаарына чейин барып келүүгө шарт түзүп берди. Келген коноктор кереметтүү Ысык-Көлдүн кооз жаратылышына суктанышып, тарыхый-маданий мурастары менен таанышып кайтышты.

