super.kg logo

Президент Кытайдын Кыргызстандагы элчисине "Достук" орденин тапшырды (фото)

 

Бүгүн, 9-октябрда президент Садыр Жапаров Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнге мамлекеттик сыйлык- "Достук" орденин тапшырды. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан билдиришти.

Мамлекет башчысы белгилегендей, бул орден менен Кыргызстан жана чет өлкөлөрдүн жарандары тынчтыкты, достукту жана эл аралык кызматташтыкты бекемдөө боюнча жасаган иштери үчүн сыйланышат.

"Кыргызстан сиздин кыргыз-кытай ынак коңшулук, достук жана кызматташтык мамилелерин чыңдоого кошкон баа жеткис салымыңызды жогору баалайт", - деп белгиледи Жапаров.

Президент кыргыз-кытай мамилелеринин абалынын эң жогорку деңгээлине, атап айтканда соода-экономикалык кызматташтыктын ийгиликтүү алга жылышына, маданий-гуманитардык байланыштардын жана башка тармактардын чыңдалышына канааттануу менен басым жасап, бул Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы чындап эле ынак коңшулук, достук мамилелердин айкын далили экенин белгиледи.

Өз кезегинде элчи Ду Дэвэнь КЭР төрагасы Си Цзиньпиндин жылуу саламын айтты.

Элчи көрсөтүлгөн сый-урмат жана жогорку сыйлык үчүн ыраазычылык билдирип, бул сыйлык Садыр Жапаровдун кыргыз-кытай кызматташтыгын өнүктүрүүгө болгон мамилесин жана көңүл буруусун көрсөтүп жатканын белгиледи.

Ду Дэвэнь белгилегендей, бул сыйлык эки өлкөнүн элдеринин жыргалчылыгы үчүн эки тараптуу мамилелерди бекемдөөгө жана өнүктүрүүгө колдон келишинче салым кошууга жана мындан да көп берилүү менен иштөөгө шыктандырат.

Ал кытай тарап Кыргызстандын КЭР менен мамилелерин өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл буруп жатканына басым жасады.

"Кыргызстан Кытай үчүн - жакшы кошуна, жакшы дос жана ишенимдүү өнөктөш. Биз өлкөлөрүбүздүн ортосундагы кызматташтыкты бардык тармактарда өнүктүрүүгө дайым даярбыз", - деп кошумчалады элчи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: