Бишкекте Азия оюндарынын байге ээлерине акчалай сыйлыктар тапшырылды







Бүгүн, 9-октябрда Бишкекте Азия оюндарынын байге ээлерине акчалай сыйлыктар тапшырылды. Аны министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров өзү тапшырды.
Алтын медаль үчүн Эрлан Шеров (дзюдо), Акжол Махмудов, Жоламан Шаршенбеков (грек-рим күрөшү), Айпери Медет кызына (кыз-келиндер күрөшү) 1 миллион 250 миң сомдук сертификаттар тапшырылды.
Күмүш медаль үчүн Адилет Шадыканов (каратэ) жана Нурзат Нуртаевага (кыз-келиндер күрөшү) 750 миң сомдук сертификаттар тапшырылды.
Коло медаль үчүн Айсулуу Тыныбекова (кыз-келиндер күрөшү), Раззак Бейшекеев (грек-рим күрөшү), Авазбек Аманбеков, Темирлан Аманкулов (ушу-саньда), Сардана Трофимова (жеңил атлетика), Назим Нурланов, Кымбат Тойтонова (карате), Орозбек Токтомамбетов жана Айаал Лазаревге (эркин күрөш) 500 миң сомдук сертификаттар тапшырылды.
Мындан тышкары, машыктыруучулар курамына дагы акчалай сыйлыктар тапшырылды.
Эске салсак, Азия оюндары бул ирет Кытайдын Ханчжоу шаарында 23-сентябрдан 8-октябрга чейин өткөн.
Анда Кыргызстандан 23 спорттун түрүнөн, 162 спортчу катышты. Жалпы эсеп боюнча улуттук курама команда 4 алтын, 2 күмүш жана 9 коло медаль жеңип, 18-орунду ээледи.






1 |