super.kg logo

Израиль- ХАМАС кагылышуусу: Учурда эмне болуп жатат?

 

ХАМАС согушкерлери менен Израиль күчтөрүнүн ортосундагы кагылышууда 1600дөн ашык адам каза тапты.

Ишемби күнү башталган кол салуулардын натыйжасында Израиль тарапта каза болгондордун саны 900дөн ашты. Ал эми Израилдин чабуулунан кийин каза болгон палестиналыктардын саны 704кө жетти. Газада толук блокада жарыяланды.

Бириккен Улуттар Уюмунун палестиналык качкындарга жардам берүү агенттиги (UNRWA) 7-октябрдан бери 137 миңден ашуун палестиналыктын Газа тилкесиндеги мектептерде баш калкалаганын билдирди. Ошондой эле Израилдин абадагы соккусунан Газа тилкесинде эки журналисттин каза болгондугу белгиленди.

Газада эмне болуп жатат?

Израиль армиясынын Газа секторуна кол салуусунан каза болгон палестиналыктардын саны 704кө жетти, анын ичинен 143ү бала жана 105и аял экени айтылды. Жабыркагандардын саны болсо 4 миңге жакын.

Израилдин коргоо министри Йоав Галлант Газаны толук блокадалоого буйрук бергени, израилдик армия Газадагы ХАМАСтын борборлоруна масштабдуу чабуул жасаганы белгилүү болду.

Ошондой эле Газадагы көптөгөн мечиттерге кол салуу болгон. Ас-Суси мечити аба соккуларынан кийин жараксыз абалга келген.

Акыркы 24 саатта Газа тилкесинде 187 518 адамдын жер которгону, төрт мектеп жана сегиз медициналык мекеме зыянга учураганы аныкталды.

Израилдик "12-канал" телеканалынын маалыматына караганда, министр Катц Израилден Газа тилкесине барчу суу түтүктөрүн бөгөттөгөн. Ага чейин Газага электр энергиясын берүүнү токтоткону айтылган.

Чет элдик басылмалар маалымдагандай, Израиль-Газа чек арасына көп сандаган танктар жана брондолгон аскерий унаалар топтолду.

Израилде болсо каза болгондордун саны 900дөн ашса, 2616 адамдын жаракат алганы кабарланды. Аталган өлкөнүн коргоо министри Йоав Галлант Газа тилкесин толук блокадага ала тургандарын, аймакка электр энергиясы, тамак-аш жана күйүүчү май берилбей турганын билдирди.

Эске салсак, Газа тилкесин көзөмөлдөгөн ХАМАС кыймылы 7-октябрда Израилге чабуул жасаган. Буга жооп кылып Израиль армиясы Газа тилкесине массалык чабуулдарды баштаган. Израиль согуш абалында экенин расмий түрдө билдирген.

Ал эми ХАМАС жетекчилигинин өкүлү Associated Press гезитине берген маегинде, Израилге кол салууга андагы оңчул өкмөттүн өткөн жыл ичинде жасаган бир катар иш-аракеттери түрткү болгонун билдирген. Анда оңчул өкмөттүн Иерусалимдеги ыйык жерлерде чагымчыл аракеттерди уюштурганы, Израилдин түрмөлөрүндөгү палестиналык туткундарга кысымдын күчөшү себеп болгону айтылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
10.10.2023. 22:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул бардык Виаградан жакшыраак. Мен баарына өмүрүндө жок дегенде бир жолу сынап көрүүнү сунуштайм - бул сиздин жыныстык жашооңузду бир топ жакшыртат, өзүңүз окуңуз ----->> https://mub.me/etrax
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: