super.kg logo

Селекцияда кулак-мурду кесилген келиндин жакындары Жогорку Кеңешке келишти

 

Кечээ, 9-октябрда Жогорку Кеңештин төрагасынын алдында түзүлгөн Аялдардын, балдардын укуктары жана гендердик теңчилик боюнча кеңеши Селекцияда бычакталган аялдын окуясына байланыштуу жыйын өттү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы кабарлады.

Иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаттары Шарапаткан Мажитова, Динара Ашимова, Нилуфар Алимжанова, Эльвира Сурабалдиева, жабырлануучунун жакындары, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү гендердик теңчилик боюнча эксперттер катышты.

Зомбулукка каршы күрөштү күчөтүү керектигин айткан депутат Динара Ашимова учурда өзгөчө үй-бүлөлүк, гендердик жана сексуалдык зомбулукка шектелип камалгандарды пробация менен бошотууга жол бербей турган мыйзам долбоору иштелип чыкканын билдирди.

“Кыргызстанда 11 пайыз гана аял үй-бүлөдө өзүн коопсуз сезет экен. Бул деген абдан кейиштүү жагдай. Жалпы коомчулук жана мамлекеттик түзүмдөрдүн баары биргеликте иштеп, мындай үрөй учурган кылмыштарды болтурбашыбыз керек. Ал эми Селекциядагы окуяга жол берген прокуратура, сот жана башка тиешелүү органдардын ишин да иликтеп чыгуу зарыл”, – деди эл өкүлү.

Жыйынга катышкан жабырлануучу Аселдин туугандары сотторго нааразычылыктарын жашырышкан жок. Кулак, мурду кесилген келиндин таежеси Айнура Катаганова шектүү аны көп жылдан бери коркутуп келгенин айтты.

"Буга чейин судья жана прокурор анын өтүнүчүнө карабай, айыпталуучуну сот залынан бошотуп жиберишкен. Сиңдим ыйлап, соттон жана прокуратурадан аны коргоосун суранган. Бирок алар анын сөзүнө кулак салбай, натыйжада ушул коркунучтуу кылмыш болду. Биздин коомдо аялдарга болгон мамиле ушундай”, – деди ал.

Эске салсак, 20-сентябрда милиция Чүй облусунун Сокулук районундагы Селекция айылында аялын бычактоого шектелген 39 жаштагы жаранды кармаган. Шектүү аялынын мурдун, кулактарын кесип салган.

Чүй облустук милициясынын маалыматына караганда, бычакталып ооруканага түшкөн аял мурда күйөөсүнө каршы эки жолу арыз жазган.

Сокулук райондук сотунун чечиминин негизинде шектүү 20-ноябрга чейин камакка алынды.

Соңунда үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка кабылган аялдарды коргоого багытталган резолюция кабыл алынды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
10.10.2023. 22:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул бардык Виаградан жакшыраак. Мен баарына өмүрүндө жок дегенде бир жолу сынап көрүүнү сунуштайм - бул сиздин жыныстык жашооңузду бир топ жакшыртат, өзүңүз окуңуз ----->> https://mub.me/etrax
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: