super.kg logo

Баткенде баңгизат сатууга шектелип коңшу өлкөнүн жараны кармалды

 

Баткенде баңгизат сатууга шектелип коңшу мамлекеттин жараны кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдирди.

Маалыматка ылайык, Кадамжай районунун Ынтымак айылында Өзбекстан менен чек арадан алыс эмес жерде 1998-жылы туулган А.Ж. аттуу коңшу мамлекеттин жараны кармалган.

Кармалган шектүүдөн көк түстөгү бир полимер баштык алынып, анын ичинде сары скотч менен оролгон 5 даана брикет, кара күрөң түстөгү өзгөчө жыттуу зат болгон.

Экспертизанын корутундусуна ылайык, алынган зат 4 килограмм 958 грамм кара куурайдын афган тектүү “гашиш” (чарс) чайыры экени аныкталган.

"Аталган факты боюнча кармалган жаранга карата кылмыш иши козголуп, баш коргоо чарасы тандалып алынган. Ал "Ири өлчөмдө сатуу максатында баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун мыйзамсыз даярдоо" беренеси боюнча айыпталууда", - деп айтылат маалыматта.

ИИМдин басма сөз кызматы тараткан маалыматта кармалган жаран кайсы мамлекеттин жараны экени так айтылган эмес, болгону "Өзбекстандын чек арасына жакын аймакта" деген сөз менен коңшу өлкөгө ишарат берилген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: