"Рулга ээ боло албай калган". Чүйдө эки адамдын өмүрүн алган жол кырсыгы катталды
Жайыл районунда жол кырсыгынан эки адам каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 10-октябрда Чүй облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кечээ саат 16:30 чамасында Хундай-Соната авто унаасынын айдоочусу, 1985-жылы туулган Б. Р. Б Калинин – Жон-Арык жолунун 4-чакырымында түндүктү көздөй бара жатып рулга ээ боло албай, бакты сүзүп токтогон.
Кырсыктын кесепетинен унаанын айдоочусу жана бир жүргүнчүсү окуя болгон жерден каза тапкан. Дагы бир жүргүнчү Жайыл райондук ооруканасына жеткирилген.
Учурда тергөө иштери жүргүзүлүп жатканы кошумчаланды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:44
2025-06-26
12:02
2025-06-26

11:23
2025-06-26

9:35
2025-06-26

23:03
2025-06-25
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.