super.kg logo
  Саясат  

Тармактык комитет репрессиянын курмандыктарын актоо боюнча мыйзам долбоорун жактырды

 

Бүгүн, 10-октябрда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелери боюнча комитетинин отурумунда репрессиянын натыйжасында жапа чеккен жарандардын укуктарын реабилитациялоо жөнүндө мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, жактырылды.

Мыйзам долбоорун депутаттар Жанарбек Акаев, Чолпон Султанбекова, Мирлан Самыйкожо жана төрага Нурланбек Шакиев демилгелеген.

Демилгечилердин бири Жанарбек Акаев мыйзам долбоору 1918-1953-жылдардагы саясий жана диний ишеними үчүн, социалдык, улуттук жана башка негиздер боюнча репрессиянын натыйжасында жапа чеккен жарандардын укуктарын, тагыраагы саясий репрессиянын бардык курмандыктарын реабилитациялоого багытталганын баса белгиледи. Болжолдуу 40 миңдей кыргызстандык репрессиянын курмандыгы болгон.

Мыйзам тарабынан туура эмес деп табылган ар бир чечимди соттук жана прокурордук кароо аркылуу эмес, жеке мамилелерди сактоо менен комиссиялык тартипте ишке ашыруу сунушталат.

"Бул саясий репрессиянын курмандыктарынын, биринчи кезекте, атылгандардын, соттолгондордун, кууп чыккандардын жана сүргүнгө айдалгандардын, мүлкүнөн жана турак жайынан ажырап, мыйзамдуу зомбулукка кабылгандардын чынчыл ысымдарын калыбына келтирет", - деп кошумчалады ал.

Талкууда депутат Дастанбек Жумабеков мыйзам долбоорунда "саясий репрессиянын курмандыктарын" аныктоонун механизмдери эске алынышы керектигин белгилеп, бул түйшүктүү иш болгондуктан, каржылоо маселесин да эске алуу зарылдыгын кошумчалады. Баяндамачы мыйзам долбоорунда архивдик документтердин негизинде реабилитациялоо маселесин кароо сунушталып жаткандыгын билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: