super.kg logo

Баткендин мектептеринде Beeline’дан компьютердик класстар ачылды (фото)

 

Beeline Кыргызстан компаниянын 25 жылдыгына карата социалдык демилгелерди ишке ашырууну улантууда. Өлкөнүн аймактары да көңүл сыртында калган жок. Сентябрь айында уюлдук оператор Баткен облусунун эки мектебине бардык керектүү жабдыктар менен жабдылган жаңы компьютердик класстарды жана интернет байланышын белек кылды.

Мындай класстардын бири Баткен шаарына жакын Тажикстан менен чектеш жайгашкан Кызыл-Бел айылындагы А. Масалиев атындагы орто мектепте пайда болду. Мектепте миңге жакын бала билим алат. Компьютердик класстын ачылыш аземине Баткен районунун акиминин орун басары Кишимжан Кадырова, Баткен райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Олжабай Мажилимов, мектеп директору Кубаныч Жолдошов жана Beeline Кыргызстан компаниясынын өкүлдөрү катышты.

Beeline тартуулаган экинчи компьютердик класс Баткен шаарындагы Кызыл-Жол орто мектебинде ачылды. Бул жерде 600дөн ашык бала билим алат. Салтанаттуу ачылышка Баткен шаарынын вице-мэри Мансур Маматисаев, Баткен шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Курсанали Турдубаев, мектептин директору Салимбай уулу Адилет жана компаниянын кызматкерлери катышты.

Бишкекте, Жалал-Абадда жана Караколдо ийгиликтүү иштеп жаткан төрт акысыз Beeline коворкингине кошумча түзүлгөн Баткендеги компьютердик класстар аймактагы санариптик ажырымды жоюуга жардам берет. Бул жайлуу окуу жайларында маалыматтык технологияларды колдонуу менен окуу үчүн бардык шарттар бар. Компьютердик класстарда информатика сабагы жана ар кандай мектеп иш-чаралары өткөрүлөт, ал эми техникалык ресурстарды үй тапшырмасын же окуу планын даярдоо үчүн колдонсо болот.

"Биздин долбоордун максаты – жаш кыргызстандыктар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүү, аларды өнүктүрүү жана сапаттуу билим берүү үчүн ресурстар менен камсыз кылуу, ошондой эле өлкөнүн аймактарын санариптештирүүгө салым кошуу. Биз бул компьютердик класстардын ичинде мектеп окуучулары келечекте алар үчүн сөзсүз пайдалуу болгон чыныгы маанилүү билимдерди жана көндүмдөрдү ала алышат деп ишенебиз", - деди Beeline компаниясынын Баткен облустук филиалынын жетекчиси Султанбек Абдраимов.

Beeline: 25 жыл бою ар бир адам үчүн мүмкүнчүлүк!






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: