super.kg logo

Министрлик Надира Нарматованын тууганынын жумушка алышын айтканы боюнча үн катты

 

Саламаттыкты сактоо министрлиги Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматова менен саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин сүйлөшүүсүн боюнча комментарий берди.

Буга чейин 24.kg агенттигинин журналисти депутат менен министрдин сүйлөшүүсүн видеого тартып алган. Анда Нарматова Алымкадыр Бейшеналиевден тууганын жумушка орноштурууну суранган.

Өз кезегинде министрлик депутат менен министрдин бул сүйлөшүүсүндө республиканын саламаттыкты сактоо тармагындагы медициналык кадрлардын жетишсиздиги талкууланганын айтты.

"Чындыгында саламаттыкты сактоо тармагында медициналык адистердин жетишсиздиги бар. Жаш адистердин кайрылуулары көп болот. Мындай учурларда алардын суроо-талаптарын кароо үчүн алар саламаттыкты сактоо уюмдарына жөнөтүлөт. Мындан тышкары, Улуттук кардиология жана терапия борбору жалпы хирургия боюнча адистерди талап кылбайт", - деп түшүндүрүштү министрликтен.

Ошондой эле министрлик мекеме жумушка орношууга түздөн-түз таасир эте албай тургандыгын кошумчалады.

"Саламаттык сактоо министрлиги жумушка орношууга түздөн-түз таасир эте албайт, саламаттыкты сактоо уюмдарынын жетекчилери жумушка кабыл алууда ар бир учурда квалификациялык талаптарды, мисалы, адистин дипломунун, стажынын жана иш тажрыйбасынын болушун эске алат", - деп кошумчалашты Саламаттыкты сактоо министрлигинен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
10.10.2023. 22:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул бардык Виаградан жакшыраак. Мен баарына өмүрүндө жок дегенде бир жолу сынап көрүүнү сунуштайм - бул сиздин жыныстык жашооңузду бир топ жакшыртат, өзүңүз окуңуз ----->> https://mub.me/etrax
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: