"Килограммы 100 сом". Өлкөдө нандын дүң жана чекене баасы аныкталды
Кыргызстан боюнча нандын максималдуу дүң жана чекене баасы белгиленди. Бул тууралуу бүгүн, 10-октябрда Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын жетекчисинин орун басары Жээналы Орозбаев билдирди.
"Нандын чекене баасы 100 сомду түзөт. Мындайча айтканда, бир тандыр нандын граммы 270 грамм болсо, анда 27 сомдон ашпашы керек. Эгер бир нан 250 грамм болсо, анда 25 сомго бааланат. Мисалы, Баткенде бир тандыр нан 220 граммдан жасалып жатат, Ысык-Көлдө болсо 320 граммдан кем эмес экен. Ар башка жерде ар кандай граммда нан жабышат. Ошол үчүн биз нандын баасын килограммга жараша коюп жатабыз. Биз элди гана эмес, нан жасагандарды да карашыбыз керек",- деди Орозбаев.
Ошондой эле Орозбаев нанга болгон баалар Казакстандын биринчи сортундагы ундан жасалганына жараша коюлганын кошумчалады.
Бир килограмм нанга жараша түзүлгөн баалар:
Бишкек:
1-сорттогу ундан жасалган буудай наны (бөлкө нан) - 52,2 сом (дүң), 62,5 сом (чекене);
Тандыр нан - 89 сом (дүң), 100 сом (чекене);
Чүй облусу:
1-сорттогу ундан жасалган буудай наны (бөлкө нан) - 56,5 сом (дүң), 65 сом (чекене);
Тандыр нан - 92 сом (дүң), 101 сом (чекене);
Ош шаары:
1-сорттогу ундан жасалган буудай наны (бөлкө нан) - 56,5 сом (дүң), 65 сом (чекене);
Тандыр нан - 89 сом (дүң), 100 сом (чекене);
Талас облусу:
1-сорттогу ундан жасалган буудай наны (бөлкө нан) - 56,5 сом (дүң), 65 сом (чекене);
Тандыр нан - 89 сом (дүң), 100 сом (чекене);
- Нарын облусу:
1-сорттогу ундан жасалган буудай наны (бөлкө нан) - 56,5 сом (дүң), 65 сом (чекене);
Тандыр нан - 92 сом (дүң), 101 сом (чекене);
Ысык-Көл облусу:
1-сорттогу ундан жасалган буудай наны (бөлкө нан) - 56,5 сом (дүң), 65 сом (чекене);
Тандыр нан - 99 сом (дүң), 116 сом (чекене);
Ош облусу:
1-сорттогу ундан жасалган буудай наны (бөлкө нан) - 56,5 сом (дүң), 65 сом (чекене);
Тандыр нан - 89 сом (дүң), 100 сом (чекене);
Жалал-Абад облусу:
1-сорттогу ундан жасалган буудай наны (бөлкө нан) - 56,5 сом (дүң), 65 сом (чекене);
Тандыр нан - 92 сом (дүң), 101 сом (чекене);
Баткен облусу:
1-сорттогу ундан жасалган буудай наны (бөлкө нан) - 56,5 сом (дүң), 65 сом (чекене);
Тандыр нан - 99 сом (дүң), 116 сом (чекене).
Орозбаев кошумчалагандай, жогорудагы баалар логистиканы, өндүрүш технологиясын жана нан бышыруу үчүн колдонулган унду эске алуу менен белгиленип жатат.



