super.kg logo

Ошто "Женго" жана "Казактын" кылмыштуу топторунун активдүү мүчөлөрү кармалды (фото)

 

Ош облусунда уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 10-октябрда УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалымдалгандай, атайын кызмат тарабынан уюшкан кылмыштуу топторго каршы күрөштүн алкагында 8-октябрда “Женго” каймана аты менен белгилүү болгон Кадыр Досоновдун уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөлөрү кармалган.

Алар: 1995-жылы туулган М.у.Х., 1993-жылы туулган Ю.У., 1978-жылы туулган А.Ы. 1993-жылы туулган Р.А., 1986-жылы туулган Ош облусунун Өзгөн районунун “кароочусу” болгон Т.И., 2000-жылы туулган “топтун” мүчөсү А.у.Б. жана 1997-жылы туулган “топтун” дагы бир мүчөсү, ошондой эле “Казак” деген каймана аты бар уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү дагы болуп саналган Ж.Д. экени белгилүү болду.

Белгиленгендей, атайын кызмат уюшкан кылмыштуу топторго каршы аракеттерин улантууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: