super.kg logo
  Саясат  

Адахан Мадумаровдун иши тергелип бүтүп,  сотко өттү

 

"Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери Адахан Мадумаровго козголгон кылмыш иши тергелип бүтүп, сотко өттү. Бул тууралуу бүгүн, 10-октябрда маалымат жыйында анын адвокаттарынын бири Юлия Богданова билдирди.

Богданова ишти Биринчи Май райондук соту карай турганын жана соттун калыстыгына ишенерин айтты.

Ал эми саясатчынын дагы бир жактоочусу Кубанычбек Тумановдун айтымында, Мадумаровго жүрөгүн текшерген медициналык аппарат тагылган. Ошондой эле 26-сентябрга караган түндө анын жүрөгү төрт жолу токтогон. Аны текшерген кардиолог болсо тезинен ага операция жасоо керектигин айткан.

"Мен СИЗОнун жетекчилигине кайрылып, Мадумаровго операция жасоо үчүн аны ооруканага чыгаруу өтүнүчү менен кайрылгам. Бирок тилекке каршы, азыркыга чейин жооп келе элек",- деди Туманов.

Эске салсак, 2-сентябрда эл өкүлү Адахан Мадумаров ИИМдин кызматкерлери тарабынан кармалган. Ушул эле күнү ага карата Бишкектин Биринчи Май райондук соту тарабынан 24-октябрга чейин камакка алуу чечими кабыл алынган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: