super.kg logo
  Спорт  

Атактуу футболчу күтүүсүздөн карьерасын жыйынтыктады

 

Атактуу бельгиялык футболчу Эден Азар 32 жашында карьерасын жыйынтыктаганын жарыялады. Бул тууралуу футболчу социалдык тармактагы баракчасына жазды.

гуп, керектүү учурда "токто" деп айта алуу керек. 16 жылдык карьерамдан жана 700дөн ашуун беттештен кийин мен профессионалдуу футболдук карьерамды токтотууну чечтим. Мен бүткүл Европада жана бүткүл дүйнөдө ойноо кыялымды ишке ашырдым. Карьерамда мен сонун адамдарды, менеджерлерди, машыктыруучуларды, командалаштарды жолуктурдум. Өзгөчө мен ойногон клубдарга: "Лилльге", "Челсиге" жана "Реал Мадридге" ыраазычылык билдиргим келет. Албетте, мен Бельгия курама командасына ыраазычылыгымды айтам", - деп жазды Эден Азар.

Бельгиялык футболчу 2019-жылы жайында "Челсиден" "Реал Мадридге" 115 миллион еврого өтүп, командасы менен Чемпиондор Лигасынын жеңүүчүсү болуп, эки жолу Испания чемпиондугун, Испаниянын Суперкубогун, УЕФАнын Суперкубогун жеңген.

Эден Азардын "Реалга" өтүшү эң ийгиликсиз кымбат сатып алуулардын тизмесине кирет. Тактап айткан, футболчу мадриддик клубга өткөндөн кийин көп учурда жаракат алган жана ашыкча салмак менен көйгөйлөр болгон.

4 жыл ичинде Эден Азар "Реал Мадрид" үчүн жалпысынан 76 оюн өткөрүп, 7 гол киргизип, 12 жолу голдук пас чыгарып берген.

Ал эми Бельгия курамасында 126 беттеш өткөрүп, 33 гол киргизген. Ал үч Дүйнө чемпиондугунда (2014, 2018, 2022) жана эки жолу Европа чемпиондугунда (2016, 2020) ойноп, Катарда өткөн дүйнөлүк чемпионаттан кийин улуттук курамадагы карьерасын жыйынтыктаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
10.10.2023. 22:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул бардык Виаградан жакшыраак. Мен баарына өмүрүндө жок дегенде бир жолу сынап көрүүнү сунуштайм - бул сиздин жыныстык жашооңузду бир топ жакшыртат, өзүңүз окуңуз ----->> https://mub.me/etrax
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: