super.kg logo

 "Элит Хаустун" негиздөөчүсү Тимур Файзиев кармалды

 

"Элит Хаус" курулуш компаниясынын негиздөөчүсү Тимур Файзиев кармалды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына өздүк булактар кабарлашты.

Андагы маалыматка ылайык, Файзиев бүгүн, 10-октябрда суракка чакырылып, андан кийин камакка алынган.

Ал кайсы иш боюнча камакка алынганы айтылган жок.

Тимур Файзиев буга чейин коррупцияга, Бишкек шаарында жер тилкелерин алууга жана мыйзамсыз курулуштарга катыштыгы бар деп шектелген. 2021-жылы 27-майда Биринчи Май райондук соту Тимур Файзиевге карата сырттан камакка алуу чечимин чыгарган.

Андан кийин Аскер прокуратурасы Тимур Файзиевге издөө жарыялаган. Кийинчерээк ишкер өлкөдөн сыртка чыгып кайра кайтып келгени кабарланган. Андан соң Башкы прокуратура Тимур Файзиевдин баш коргоо чарасын өзгөрткөн.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: