super.kg logo
  Саясат  

Никол Пашинян Бишкекке келбейт. Бул тууралуу Садыр Жапаровго ал өзү айтты

 

Армян тараптын демилгеси менен өлкө башчы Садыр Жапаров Армениянын премьер-министри Никол Пашинян менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин администрациясынан кабарлашты.

Эки тараптуу күн тартибиндеги актуалдуу маселелер, анын ичинде ушул жылдын 13-октябрында Бишкекте өтө турган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин мамлекет башчыларынын Кеңешинин жыйыны талкууланды.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Армениянын премьер-министри бир катар жагдайлардан улам КМШнын Мамлекет башчыларынын Кеңешинин жыйынына катыша албай турганын өкүнүч менен билдирди.

Лидерлер туруктуу байланыштарды сактоого жана эки өлкөнүн элдеринин жыргалчылыгы үчүн достук маанайда эки тараптуу мамилелерди бекемдөөгө макулдашты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: